Ошто массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет жасаган айдоочу коомдук бирикмесинин өкүлү кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 2181
 
Опубликовано 18 Июля 2024, 10:48

Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууга алып келе турган чагымчыл маалыматтарды таратып, коомдук тартипти бузгандарга карата мыйзамдын чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын жана Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Интернет мейкиндигинде мониторинг жүргүзүү учурунда “WhatsApp” месенджеринде “Айдоочулар” коомунун өкүлдөрүнүн бири “Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан” жолу менен жүргөн жүк ташуучу автоуналардын айдоочулары арасында ар кандай мыйзамсыз чакырыктарды жана массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет жасап жаткандыгы маалым болгон.