Ак-Талаалык бийчи кыздар эл аралык сынакта 1-орунду ээлешти

turmush
Скачать
Просмотров: 386
 
Опубликовано 20 Апреля 2024, 01:49

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун бийчи кыздары эл аралык сынакта байгелүү орундарды камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылындагы “DIdance” бийчилер тобунун жетекчиси Адина Майрамбек кызынын айтымында, Бишкектеи Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театрында өткөрүлгөн "Майрам шаңы" аталыштагы Орто Азия биринчилиги үчүн эл аралык сынакта “DIdance” бийчилер тобу «Павлин» бийи менен 1-орунду багындырышты.

Мындан тышкары, балдардын билим берүү борборунун "Кыял" бийчилер тобу 3-орунду ээлесе, ал эми жеке бийлөөдө Наиля 2-орунду ээледи.