Ак-Талаа; Жаңы курулган спорт залдын чатырынан тамчы агып баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 3
 
Опубликовано 19 Апреля 2024, 21:27

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылында жаңы курулган спорт залдын чатырынан суу агып жаткандыгын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган айылдагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебине курулган спорт залдын чатырынан жаан-чачын учурунда ичине дагы нөшөрлөп агып жаткандыгы, ошондой эле залдын жолдорунун ортолору дагы ажырап кеткендиги маалым болду. Мындан тышкары, электр жарыгы дагы кыркылган.