Ак-Талаа; Айыл өкмөт башчысы кызматтан кетишине айрым тургундар нааразычылык билдиришти

turmush
Скачать
Просмотров: 5
 
Опубликовано 19 Апреля 2024, 18:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетип калгандыгы үчүн айрым тургундар нааразычылык билдирип, район жетекчисине кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Бүргөн айыл өкмөт башчысы Арстанбек Акиевдин кызматынан кетип калгандыгына байланыштуу, бүгүн 19-апрель күнү Кара-Бүргөн, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылынын айрым тургундары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына чогулушту. Топтолуп келген жашоочулар менен район акими Жумадилла Жапаров жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, нааразы болуп келгендер Арстан Акиев бир катар долбоорлорду баштагандыгын, баштаган ишин аягына чыгарыш керектигин, үстүнөн 5-6 адам арыз жазып койсо эле кызматтан алып коюу болбостугун жана аны кайра айыл өкмөт башчылыкка дайындоосун же анын ишин андан ары улантып кете ала турган айыл өкмөт башчысын дайындап берүүсүн акимден суранышты.

Ал эми район акими Жумадилла Жапаров айыл өкмөт башчысы каалоосу менен арыз жазып кеткендигин айтты.

"Арстан Акиев 17-апрель күнү кызматынан кетүү тууралуу оозеки билдирүү жасаган. Кечээ 18-апрель күнү үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу ээлеп турган кызматынан бошотуп коюуну суранган арыз менен мага кайрылды. Мен, ал киши менен иш кеңсемде жарым сааттай сүйлөштүм. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал кишиден "жазгы жумушка тар башталганда кетпей эле турбайсызбы, жок дегенде жылдын аягында кетиңиз" деп өтүндүм. Өзү барып, эмгек жамааты менен жолугуп, кызматынан кетүү боюнча арыз жазгандыгын эмгек жамаатына айтып, коштошуп кетиптир. Телефон чалсам албай койду, байланыша албай койдум. Анан жумуш токтобош керек да. Бүгүн 19-апрель күнү гана кызматынан четтетүү боюнча буйрук чыгардым. Ал кишинин мыйзамда көрсөтүлгөн укугу бар. "Кызматтан кетем" деп өз арызы жазып жаткан адамды мен кармап тура албайм да. Арстан Акиевдин үстүнөн кандайдыр бир арыздардын негизинде иштен алган жокмун, кандайдыр бир иштерди аткара албай калгандыгынан кызматтан алган жокмун. Өз каалоосу менен кетти. Мага себептерин түшүндүрүп берди. Ал эми башталган иштер уланат, аягына чыгарылат", - деди Ж.Жапаров.

Ошентип, чогулгандар айыл өкмөт башчылыкка кеткен айыл өкмөт башчысынын баштаган иштерин улантып кете ала турган өкмөт башчысын дайындап берүүнү суранышуу менен тарап кетишти.

Арстанбек Акиев 2023-жылдын 25-апрель күнү курамында Кара-Бүргөн, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылынан турган ирилиштерилген Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп дайындалган эле. Бүгүн 19-апрель күнү өзкаалоосу менен жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулгандыгы маалым болду.