Өзбекстан Республикасынын аймагындагы Барак эксклавындагы тургундарды турак жайы менен көчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ала-Тоо (Мурдагы Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл өкмөтү) айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрелге карата Барак экславындагы 97 турак жайдын баары бузулуп, 60ынын курулуш материалдары ташылып бүттү. Райондук ӨКМдин кызматкерлери тарабынан социалдык объектилерди бузуп, жергиликтүү тургундардын үйлөрүнүн курулуш материалдарын ташуу иштери жүрүүдө.