Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине айып салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка караганда, аталган окуу жайдын экономикалык факультети (мурдагы медициналык колледжи) «Жалал-Абад-Тазалык» муниципалдык мекемеси менен келишим түзбөй, таштандыларын өз алдынча өрттөп келген. Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 23 миң сом айып пул салынды.
«Жеринде тийиштүү кызматтар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары таштандыларды алып кетүү боюнча «Жалал-Абад-Тазалык» мекемеси менен келишим түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Аталган окуу жайга таштандыга байланыштуу үчүнчү ирет айып салынып жатат.