Шакиев башталгыч класстын окуучуларын кыргыз тилде гана окутууну сунуштады

AkiTv
Скачать
Просмотров: 12
 
Опубликовано 21 Февраля 2024, 16:11

[ KG ] Мамлекеттик тилге болгон мамиле түп-тамырынан бери өзгөрүшү керек, деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 21-февралдагы жыйынында.

Ал 35 жылда мамлекеттик тил боюнча эч кандай өнүгүү болбогонун белгиледи.

«Коңшу Казакстанда 1-класстан 4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтүшөт, башка тил жок. Биз дагы ушундай чараларды көрүшүбүз керек. Тилди өнүктүрүү бала бакчадан, башталгыч класстардан калыптанат. Ыйман сабагы киргенде кыргыз тили менен англис тилинин эсебинен бирден саат кыскарып кетиптир. Бул эмне деген мамиле кыргыз тилине? Башка тилден кыскартса болбойбу? Ошон үчүн кыргыз тилин күчөтөбүз десек башталгыч класстардан башташыбыз керек», - деди Шакиев.

Төрага бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргызча билип, кыргызча сүйлөш керек экенин белгиледи.

«Кыргызтест» жакшы иш алып барып жатат. Өткөн жумада төраганын фондунун атынан бир топ материалдык жардам көрсөтүлдү. Тилге болгон мамилени биз өзүбүзгө болгон мамиледей карашыбыз керек», - деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

__
[ RU ] Отношение к государственному языку должно полностью измениться, после того как был принят конституционный закон о госязыке, заявил спикер Жогорку Кенеша Нурланбек Шакиев 21 февраля на заседании парламента.

По его мнению, за 35 лет государственный язык не развивался, потому что все говорили о поэтапном внедрении.

«В Казахстане в начальных классах все уроки проводятся только на казахском языке. Нам тоже следует пойти на такие меры. Язык развивается с детских садов, с начальных классов. Когда включали предмет ыйман, сократили по часу английского языка и кыргызского языка. Что это за отношение к кыргызскому языку? Если мы хотим усилить кыргызский язык, надо начинать с начальных классов», - сказал он.

Шакиев считает, что все государственные служащие должны знать и владеть кыргызским языком.

«Кыргызтест» проводит хорошую работу. На прошлой неделе за счет фонда спикера была оказана материальная помощь. Отношение к госязыку должно быть таким, как бы мы хотели относиться к себе», - добавил спикер.