Кара-Бүргөндөгү бала бакчага оюнчуктар тартууланды

turmush
Скачать
Просмотров: 667
 
Опубликовано 28 Ноября 2022, 13:23

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы бала бакчага ата-энелер түркүн оюнчуктарды тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдагы "Жамал-Апа" бала бакчасынын башчысы Гүлнара Кадыкееванын айтымында, кенже тайпанын ата-энелери балдары үчүн бала бакчага оюнчук тартуулашты.

"Бүгүн, бизди кубанткан окуяга туш болдук. Иште отурсак капыл-тапылдан кенже тайпанын ата-энелери кирип келип, бала бакчага оюнчуктарды тартуулашты. Мындайды күткөн деле эмеспиз. Көрсө алар өз алдынча акча чогултушуп, "бала бакчадан балдарыбыз ойноп турсун" деп 6 300 сомго оюнчуктарды алышыптыр. Ал кенже тайпада жалпы 23 бала тарбияланат", - деди Г.Кадыкеева.