Оштогу мончодон коюу түтүн чыгып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 3285
 
Опубликовано 22 Ноября 2022, 15:36

Ош шаарындагы мончолордун биринде моорунан буркурап түтүн чыгып жаткан видео социалдык тармактарга тарады





Видеого тартылган мончо Ош шаарындагы Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан «Дархан» мончосу. Аталган мончо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын депутаты, азыркы Ош шаардык кеңешинин төрөгасы Салман Назылбековдун баласына таандык экени айтылып келет.





«Азыр күздүн күнү катуу суук болуп жатат. Азыр мен деле көрдүм аны (видеону). Мага да жөнөтүп жатышат. Пар чыкса деле аппак болуп, түнү аппак болуп чыгат да, капкара эмес эле. Ошондой болуп чыга берет. Суукта чайнектин буусу деле катуу көтөрүлөт. Фильтр аркылуу ушундай чыгып жаткан нерсе да. Фильтр коюлган. Материал, башка нерсе жагылбайт. Көмүр жагылат. Көмүр болгондо да чоң-чоң ыш түшпөй турган көмүр жагылат. Майда көмүр жагылбайт. Баары фильтр аркылуу өтүп анан чыгып кетет. Андай түтүн чыкканда коңушулар ушул убакка чейин арызданмак», - деди Салман Назылбеков.