Кочкордо Кош-Дөбөнүн алгачкы башчысы К.Ындыбаевдин эстелиги тургузулду

turmush
Скачать
Просмотров: 495
 
Опубликовано 27 Мая 2022, 15:56

Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдына «Кош-Дөбө» колхозунун алгачкы башчысы Коробай Ындыбаевдин эстелиги тургузулуп, ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Иш-чарага айыл аксакалдары, Коробай Ындыбаевдин туугандары катышты. Аны Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Талгар Талантбек уулу ачып, эстеликтин жабуусу алынып, куран окулду.

Замандаштары, аны көргөн адамдар Коробайдын элге күйүмдүү, адилет башкарма болгондугу тууралуу эскеришти.