Талкуу чордонуна айланган мектептеги чыр: Мугалим, окуучу кыз жана апасы өз чындыгын айтты

turmush
Скачать
Просмотров: 10198
 
Опубликовано 26 Мая 2022, 20:58

Сузактагы калемден чыккан пикир келишпестик мугалимди жумуштан кетирип, окуучу кызды оорууканага жаткырды. Окуянын чоо жайына аймактык кабарчы кызыгып көрдү.
25-майдын кечинде соц тармакта окуучу сабак учурунда окуучу кызды мугалим уруп жаткан видео тарап, соц желенин колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынды. Окуя 23-май күнү Сузактын Багыш айыл аймагындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 7-класстын балдарына өтүп жаткан көркөм өнөр сабагында орун алганы маалым болду. Анда 35 жаштагы информатика жана көркөм өнөр мугалими Мээримгүл Эргешбаева класста окуучулар менен пикир келишпестиктен улам уруп-чаап жиберген. Аны класстагы балдар уюлдук телефонго тартып алууга үлгүргөн.