Кочкорлук мергенчилер Ат-Башы районундагы Өзгөрүш кыштоосунан карышкыр атып алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Мергенчилердин айтымында, малчылар Ат-Башы районунда карышкыр күч болуп, коомдук малга кол салып, тынчтык бербей жатканы боюнча жардам сурап кайрылышкан. Алардын өтүнүчү менен Турат Мамбетсадыков, Темирбек Кыдырбаев деген мергенчилер Ат-Башыга барып, Талды-Суу менен Өзгөрүш аймагынан төрт карышкырды көрүшкөн. Мергенчи Турат Мамбетсадыков алардын бирин атып алган.
Белгилей кетсек, бул мергенчилер мындан бир ай мурда Ат-Башыдагы Туура -Суу кыштоосунан эки карышкыр атып алышкан.