Бишкекте 20 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калышты

turmush
Скачать
Просмотров: 1758
 
Опубликовано 2 Августа 2021, 17:27

1-августта саат 15:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 20 жаштагы кыз жоголду деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнөтүлгөнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээси бир тууган сиңдиси — 20 жаштагы Ж.Г. дайынсыз болуп жатканын жана ал өзүнө-өзү кол салышы мүмкүн экенин билдирген.

Ыкчам чараларды көргөн кайгуулчулар ал кызды чоң суунун үстүндөгү суу түтүгүнөн секирүүгө аракет кылып жатканда табышкан. Ыкчам түрдө суу түтүкчөнүн үстүндөгү кызды кармап, суу жээгине алып чыккан кайгуулчулар анын өмүрүн сактап калышты.

Ал кыз аты-жөнүн жана психологиялык абалын аныктоо үчүн Биринчи май РИИБге жеткирилди.