Жерге-Талда жайлоого барчу жолдор оңдолууда.

turmush
Скачать
Просмотров: 284
 
Опубликовано 10 Июня 2021, 19:52

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүндө жайыт жолдору оңдолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнованын айтымында, жакынкы арада малчылардын жайлоого көчүүсүнө шарт түзүү максатында жайлоого бара турчу унаа жолдор жайыт комитети тарабынан оңдолууда.

"Жакында эле Кашка-Суу жайлоосунун Сары-Жон чөлкөмүнөн тарта Шаты-Бейит чөлкөмүндөгү кыяга чейин 5 чакырымга чукул жолду жана Арал, Ичке-Мойнок чөлкөмүндөгү жолдорду оңдоп, кеңейтип чыгышты. Кудай буюрса, кой кыркын бүтсө Кашка-Суу жайлоосундагы Ботокей капчыгайы аркылуу Арпа жайлоосуна көчүп кетишет. Жакында малчылар Ботокей капчыгайындагы жалгыз аяк жолду оңдоого барышат", - деди Г.Үчүгөнова.