Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-талап айыл өкмөт башчылыгына Уланбек Айтмамбетов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдын айылдык кеңештин төрагасы Жекшенбек Турдубековдун айтымында, кечээ 9-июнь күнү айыл өкмөт башчысын шайлоо өтүп, айыл өкмөт башчылыкка Кенжебай Бейшенкулов, Эралы Ниязакунов жана Уланбек Айтмамбетов ат салышкан. Жыйынтыгында К.Бейшенкуловго 3 депутат, Э.Ниязакуновго 2 депутат, ал эми У.Айтмамбетовго 6 депутат добуш берген. Ошентип, У.Айтмамбетов айыл өкмөт башчылыкка шайланды.
Айтмамбетов Уланбек Билалович 1980-жылы 26-июль күнү төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. 5 баланын атасы. 1987-1997-жылдары Байымбет атындагы орто мектебинде, 1997-2002-жылдары И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде математика жана информатика бөлүмүндө билим алган. 2000-2002-жылдары Байымбет атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген. Буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип келген.