Ат-Башылык эки бир тууган ыйык Рамазан айына карата 5 үй бүлөгө азык түлүк таратты
Ат-Башы айылынын тургундары
Камчыбек Койчуманов жана Асыл Койчуманова бүгүн 1 кой союп анын этин бешке бөлүп, кошумча ун, май жана башка азык түлүк салынган баштык даярдап алып Ат-Башы айылындагы 5 жардамга муктаж үй бүлөгө барып үй бүлөсүнүн атынан тапшырышты. Жардам алгандар жаштарга ак баталарын берип жатышты. Алар буга чейин дагы ушундай эле жардамдарды берип келе жаткандарын айтышат. Бир туугандар орозо аяктаганча дагы жардам берүүнү пландашууда.