Ооган согушунун ардагери З.Борбиев окуучулар менен

turmush
Скачать
Просмотров: 264
 
Опубликовано 17 Февраля 2021, 02:19

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-кайың айылынын окуучулары Афганистан согушунун ардагери, учурдагы мугалим Зайырбек Борбиев менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган айылдагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгы “Ооган согушунун тарыхый тактары” аталышында Ооган ардагери З.Борбиев менен жолугушуп, Ооган согушунун себептери, тарыхтагы орду тууралуу кеңири маектешүү орун алды.

Кеченин уюштуруучусу мугалим Салтанат Баева жолугушуу окуучуларды патриоттуулукка чакырууга негиз болорун айтат.

"Кечени мазмундуу өткөргөн 9"б" класс ыр, каалоо тилектерин билдиришип, видео слайд аркылуу кандуу согуш жылдарын эске салып ыйлатса, бир тарабынан окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоого өбөлгө болду. Бул, ыйык Ата Журтубузду көздүн карегиндей сактап, келечек муунга калтыруу ар бирибиздин милдетибиз. Ошондой эле жаш муунду мекенчилдикке, патриоттуулукка үндөө учурдун талабы. Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу максатта Ооган согушунун ардагери менен жолугушуу уюштуруп, окуучулар менен кеңири пикир алмашуу болду. Мындай иш-чара жаштардын аз да болсо аң сезимин ойготуп, мекендин ыйыктыгын, жай турмуштун баркын биле алат", - деди С.Баева.