Кызыл-Кыя шаарында 3 км жолго асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, асфальт төшөө иштери Масалиев, Ленина, Маяковский жана Султанов көчөлөрүндө аткарылууда. Ага Мамилекеттик бюджеттен 16 млн 170 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом каралган.
Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Караван аймактык башкармалыгынын Ак-булак айылынын 1,5 км көчөлөрүнүн асфальттоо жумуштарына акча каралды. Учурда жолдорду асфальтоо жумуштары жүргүзүлүүдө.