Базар-Коргондо үйгө чагылган түшүп, 6 адам жаракат алды

turmush
Скачать
Просмотров: 12195
 
Опубликовано 22 Июня 2019, 13:24

Бүгүн, 22-июнда эртең менен саат 8:00 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз айылындагы үйгө чагылган түшүп, 6 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, чагылган түшкөн үй М.И.нин үйү болгон. Кырсыктын кесепетинен үй ээси өзү, апасы, келинчеги, 4 айлык кызы, 2 жээни, акесинин баласы ар кандай жаракаттарды алышкан. Өзүнөн башкалары Базар-Коргон аймактык ооруканасына жеткирилди. Чагылган алар эртең менен тамактанып жаткан учурда үйдүн электр эсептегичке түшкөн. Мындан улам үйдүн короосундагы дубал, үйдүн чатыры талкаланып кеткен.