Бүгүн, 21-июнда Баткен шаарындагы ээн жерде жалгыз жүргөн 4 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен шаарынын тургуну 2015-жылы туулган А. уулу Б. Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылындагы таятама барам деп үйүнөн эч кимге айтпай саат 12:00 чамасында чыгып кеткен. Ал Баткен шаарынан өткөн К.Батырканов каналын бойлоп, 4-5 км жолду жалгыз жөө басып өткөн. Жолдо бара жатканда Баткен ШИИБдин кызматкерлери көрүп калып токтотушканда, «таятама барам» деп жооп берген. Ата-энесинин ким экендигин тактап айтып бере алган эмес. Андан соң милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп, баланы аман-эсен саат 16:30 баланын жакындарына тапшырды.
Баланын жакындары аман-эсен таап берген Баткен ШИИБдин кызматкерлери Руслан Ысмановго, Гүлзат Бектурсуновага Нуржамал Абдубалиеваларга ыраазчылык билдиришти.