Баткенде 3 эм кыздуу болгон үй-бүлөгө 100 миң сом беришти

turmush
Скачать
Просмотров: 251
 
Опубликовано 21 Июня 2019, 09:37

Май айында Кадамжай районунда төрөлгөн 3 эм кыздар чоңоюп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, наристелердин апасы Назакат айым менен атасы Набижон Муратовдун бирге түтүн булатып жатышкандыктарына 8 жыл болду. Бул убакыт аралыгында 1 уул, 2 кыздуу болушкан. Быйыл 20-майда 3 эм кыздуу болушту. Аларга Фатима Зухра жана Захро деген ысымдар берилди. Баткен облусунун, Кадамжай районунун жетекчилиги наристелерден кабар алып, 100 миң сом акча тапшырышты.

«Мен биринчи УЗИге түшкөндө «3 эм төрөйсүң» деп айтышкан. Анан дароо жолдошума, жакындарыма чалып сүйүнчүлөдүм. Кыздарым 20-май күнү таңга маал жарык дүйнөгө келишти. Кудайга шүгүр, саламаттыгыбыз жакшы», - деди Назакат айым.

Кайын энеси Шарипахан Муратова кубанычтары дагы эле таркай электигин белгиледи.

«Келиним мага чалып, «3 балалуу болот экенбиз» деп сүйүнчүлөдү. Мындай жакшы кабарды угуп сүйүндүм. Дагы эле сүйүнүп турган чагыбыз. Мындай бактылуулук үчүн жаратканга чексиз шүгүрчүлүк билдирем», - деди ал.