Баткендеги чыр: Тажик тараптын чек арадагы иши токтотулду

turmush
Скачать
Просмотров: 424
 
Опубликовано 19 Июня 2019, 15:52

Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы тактала элек чек арада тажик тараптан жүрүп жаткан иштер токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда чек арачылар билдиришти.
Маалыматка караганда, тажик тараптын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу саат 10:00 чамасында өттү. Ага кыргыз тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдызбек Исакулов, Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев, Баткен чек ара башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев, Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Н.Байгүчүков, Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жана Ак-Сай айыл аймагынын башчысы катышты. Ал эми Тажик тараптан Согдий облусунун губернаторунун орун басары Б.Баходырзода баштаган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана чек ара кызматкерлери келди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тараптан тең эч кандай курулуш иши жүрбөй тургандыгы чечилди. Ошондой эле 21-июнь күнү Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров баштаган делегация менен Согдий облусунун губернатору менен Согдийде жолугушуусу өтө турган болду. Ал жолугушууда аталган маселелер талкууланат.

Азыркы тапта Баткендин Ак-Сай айылында абал туруктуу. эч кандай курулуш жүргөн жок. Коопдук тартип милиция кызматкерлери, чек арачылар тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.