Жаш талант: Баткендик А.Жумаева 5 жылдан бери пианинодо ойноп, сынактарга катышууда

turmush
Скачать
Просмотров: 156
 
Опубликовано 19 Июня 2019, 15:18

Баткен шаарынын 12 жаштагы тургуну Алия Жумаева 5 жылдан бери пианинодо ойноп, музыкалык талантын такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, пианинодо Моцарт, Бетховендин белгилүү чыгармаларын ойной алат. Ар кандай музыкалык сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келе жатат.
Галерея: Жаш талант: Баткендик А.Жумаева 5 жылдан бери пианинодо ойноп, сынактарга катышууда

«Музыкалык мектепке баргандын пайдасы көп тийип жатат. Биринчиден сабакка болгон кызыгуум жакшырып, ийгиликтүү окуй баштадым. Анткени пианино черткенди үрөнгөндөн баштап эле ойду бир жерге топтоону, көңүл бурууну, майда нерсе деп эсептегендерибизди да көңүл коюп угууну, убактымды туура өткөрүүнү өздөштүрдүм. Үйдүн эң чоңу болгондуктан кээ бир үй иштеринде апама жардам берүүгө туура келет. Жок дегенде апам тамак жасап жаткан учурда бөбөктөрүмдү каралашам. Ошондуктан күндүн кайсы мезгилинде эмне кылууну алдын ала пландап алып, ийгиликтүү бүтүргөнгө аракет жасайм. Биздин чөлкөмдүн дээлик бардык жеринде эле пианино ойноого шарт жок. Ошондуктан көп музыкалык сынактарга катыша албаймын. Пианинону көтөрүп жүрүүгө мүмкүн эмес. Бирок ага карабастан өлкөбүздүн аймагындагы сынактарга катышып, өз күчүмдү сынап келем», - деди ал.

Алиянын апасы Айнура Абдимажитова кызы музыкалык мектепти 2 жылдан кийин аяктайт.

«Кызымды өзүм сураштырып музыкалык мектепке алып барып бердим. Бүгүнкү күндө музыкалык мектепте 5-класста окуп жатат. Алдыда дагы 2 жыл окуса мектепти ийгиликтүү аяктайт. Алгач жөн гана хоббиси болсун деп бергенбиз. Акыркы күндөрү чыгармачылыкка толугу менен киришип жаткандай. Анткени келечекте улуттук консерваторияга тапшырам деп калат. Мектептеги окууларын да ийгиликтүү окуп жатат. Үй-бүлөбүздө андан кичүү 2 иниси, 1 сиңдиси бар. Аларды кароодо мага ар дайым жардам берет. Бир гана тамак жасатпайм, калган үй иштерин баарын жасайт. Кошумча тил ийримдерине барат. Илхому келип калган учурда сүрөт тарткан жагы да бар», - деди ал.