10-июнда Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылындагы Карагат, Ормузан жана байшка жайлоолоруна кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, жааган кардын калыңдыгы 35 см чейин жеткен. Алдын ала айтылып жаткан кабарга караганда карда калган 100дөй жандык мал жана 10дон ашык бодо мал өлдү. Дагы малдарды издөө уланууда. Карагат, Көк-Боор, Беш-Булак, Бел, Ак-Таш деген жайлоолорго малын айдаган адамдар болсо малдарын толуктап кабар алышы керек.