Ырчы Назми Байзакова жаштарды патриоттуулукка үндөгөн "Манас ыры" жаӊы эмгегин тартуулайт

dddorn23
Скачать
Просмотров: 449
 
Опубликовано 18 Июня 2017, 23:04

15-июнда ырчы Назми Байзакова 2017-жыл - Ыйман, адеп, маданият жылына карата жаӊы "Манас ыры" эмгеги тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Иш-чарага ырчынын продюсери Арсен Мендебаев, стилист Замира Молдошева, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылык Нур, "Манас" ырынын сөзүн жазган акын Шахзада Авсаматоваматова катышты.

"Бул ырды аткаруу мен үчүн сыймык. Алгач сунушташканда ырдап чыга аларымды, аны менен кошо чоӊ жоопкерчилик артылып жатканын сездим. Жаӊы эмгегибиз аркылуу жаштарды патриоттуулукка үндөп, ата мекенге, салттуу маданиятка, улуу "Манас" эпосуна болгон кызыгуу, сүйүүнү ойготуу максатыбыз. Ырды угармандарга жеткирүү үчүн команда менен чогуу көп эмгектендик. Буюрса, элдин жүрөгүнөн түнөк таап, мыкты чыгармалардын катарын толуктайт деп ишенебиз", - дейт ырчы.

Ал эми Arsen Mendebaevв чыгарма жаратууда тойлордо пайда табууну эмес, элге руханий таасир берген, кыргыз элин даӊазалаган ырларды иштеп чыгара турганын айтат.

"Манас темасына кайрылуу - сыймык болгону менен, бул олуттуу, чоӊ жоопкерчиликтүү жумуш. Андыктан кыйынчылыктар болбой койгон жок. Манасчы, акындар менен кеӊешип Манас жөнүндө ырдап жаткандыктан ырды "Манас ыры" деп атоого токтолдук. Жакында клиби көрөрмандарга тартууланат. Анда Назмини жаӊы этно-заманбап стилинде көрүүгө болот", - деп билдирди продюсер.

Ырчынын "Манас ыры" чыгармасын бугун 16-июнда "Медиа-портал" бөлүмүнөн уга аласыздар.
https://www.super.kg/kabar/news/19148...
Автор: Турсунай Алымкулова
__
Instagram: https://www.instagram.com/jelmoguz_ne...
Facebook: https://www.facebook.com/foto.graff.1...
__
ФанВидео музыка скачать музыку бесплатно бишкек кыргызстан клипы смотреть 2017 музыкальные ютуб видеохостинг видео фильмы певец биографии певцов певица буква сканворд шоу день рождение новость сегодня песнь песней скачивать песню песни кыргыз кыргызча кинолор кино албарсты басты песня текст кроссовки супер инфо жаны сан саны телефон бесплатный компьютер игра играть онлайн