00:00 / 02:45

Ак-Талаа; Ардагер мугалим Кайырбүбү Дүйшөмбиева улуттук узчулук өнөрдү аркалап келүүдө

turmush Категория: Новости 16 ноября 2026, 13:28 84 просмотра
Скачать
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылынын тургуну, ардагер мугалим Кайырбүбү Дүйшөмбиева 38 жыл өмүрүн мугалимдик кесипке арнап, учурда кыргыздын уз чеберчилик өнөрүн аркалап келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Кайырбүбү Дүйшөмбиева 1963-жылы 23-март күнү Кара-Ой (мурунку Тоголок Молдо) айылында туулган. Аталган айылдагы орто мектепти аяктаган соң, Нарын педагогикалык окуу жайында башталгыч класстар боюнча мугалимдик кесипке ээ болуп чыккан. Аталган окуу жайды 1980-жылы аяктап, ушул эле жылы Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде мугалимдик эмгек жолун баштап, дээрлик 38 жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 3 кыздын энеси.

«Эне даңкы» медалынын ээси

«2018-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Бирок, бош отура албай, жетишпей, шар окуй албай калган башталгыч класстын окуучуларын үйдөн окута баштадым. Баш-аягы 4 жылдай убакыт үйдөн окуттум. Анан мектеп директоруна «мектептен бир бөлмө берип койсоң боло, ушул жактан балдарды окутайын, үйгө барып жатышат» деп тамашалап жүрдүм. Бирок, акыры бала дагы окутпай калдым. Уул-кыздарым үйлөнүп, өз алдынча турмуш жолуна түшүп кетишти. Учурда, кичүү уулубуз менен бирге турабыз. 2014-жылы "Эне даңкы" медалын алгам. Ошентип, мектептен кеткен соң, үйдө бош отура албайт экенсиң. Эртең менен эрте туруп 1 чакырым жерге 1-2 саат басып келем. Андан кийин, таңкы көнүгүүлөрдү жасайм. Мени менен кошо айылдагы бир катар келиндер дагы көнүгүүлөрдү жасашат. Скакалка секиребиз. Бул эми ден соолугубузга пайдалуу да», - деди каарманыбыз Кайырбүбү Дүйшөмбиева.

Эки энемден калган өнөрдү улантып келем

«Эми узчулук боюнча айтайын. Менин чоң энем колунан көөрү төгүлгөн, иштүү, уз адам болгон. Боз үйдүн ички боолорун согот эле. Элдикин дагы, өзүбүдүкүн дагы дегендей. Андан тышкары, шырдак жасап, түймө түйүп, сайма сайчу. Апамдын узчулук өнөрү мага өткөн окшойт. Анткени, мен дагы учурда жер төшөк курайм. Шырдак жасайм. Өзүм апам мага өрмөк жана таар сокконду үйрөткөн. Чоң энем менен апамдын көзү өтүп кеткенден кийин өз алдымча жасай баштадым. Ат жабууларын жасап, 3-4 адамга белек кылдым. Ошондой эле, төө чапан согом. Төө чапан согуп, кудама, таекеме тартууладым. Буйрутма аркылуу айылдагы аксакалдарга жасап бердим. Алардын айрымдары акча, айрымдары мал беришти. Азыркы учурда, төөнүн жүнүнөн дип ийриген киши жок. Учурда, буйрутма бергендерге боз үйдүн боолорун жана таар согуп берип жатам. Мындан тышкары, жиптен башмак, байпак түйөм», - деди Кайырбүбү эже.

Төө чапан же пиаса

«Биз төө чапан деп койдук. Негизи, аны пиясы деп коёт экен. Бул абдан баалуу чапан. Илгери, бул чапанды байлар, бийлер кийчү экен. Төө чапан кантип жасалат? Алгач, төөнүн жүнүн алабыз. Аны жакшылап тазалайбыз. Ага 40-жиптен кошуп ийиребиз. Бул төөнүн жүнүнүн чудасын алып салып, анан үлпүлдөк, жумшак жүнүнөн ийрилет. Ийрип бүткөндөн кийин, чоң-чоң түрүм дип болот. Ошол жипти тузга кайнатабыз. Анткени, туз шор болот. Төөнүн жиби тузду сиңирип алат. Ага суу жукпайт. Даяр болгон жип менен өрмөк соккондой эле согуп алабыз. Анан муну бир карыш же бир сөөм кылып курайбыз. Чапандын сырткы үлгүсү даяр болгондон кийин, ичин ичтеп, чөнтөктөрүн тигип, жасап чыгабыз. Төө сапарга суу жукпайт», - деди улуу өнөрдү аркалаган уз.

Таар согуу

«Койдун кылчык эмес жүнүнөн ийрип, аны эки каттап, боёп алабыз. Согуп жатканда, ортолоруна аркак салынат. Жиптин башында бир киши жипти тизип отуруш керек. Дагы бир-эки киши жипти ары-бери тартып  башы менен этегине чуркайт. Туурасы бир карыш же 1 сөөм кылып согуп алабыз. Ортосуна жээк салып, бир-бирине кураштырабыз. Ошентип, таар материал даяр болот. Андан ат жабуулар, куржун, жүк жабуулар сыяктуу таар буюмдарды жасайбыз. Таар согуу деле аябай түйшүктүү иш. Таар согууга адыргы, казык, тергич, кылыч сыяктуу аспаптар колдонулат. Айылдан бирөө "этнокуржун жасап бериңиз" деп буйрутма берген. Бир жыл боюу жасагам. Оңой иш эмес», - деди Кайырбүбү Дүйшөмбиева.

--
      Отправлено из Mail для Android

ТОП просмотров