Нарзан айыл аймагында элдин кайрылуусунан кийин эски чуңкурларды тегиздөө иштери аткарылды
Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагына караштуу Сахзаводдун айланасы жергиликтүүлөр акимге кайрылган соң, иретке келтирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Райондун акими Илияз Ташбаев Нарзан айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушууда Сахзаводдун айланасын иретке келтирүү, кооптуу эски чуңкурларды көмүү, тегиздөө жана көп жылдар бою топтолгон таштандыларды тазалоо маселеси көтөрүлгөн. Элдин кайрылуусунан кийин атайын тапшырманын негизинде " Таза- Нарзан" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте эски чуңкурлар тегизделип, көп жылдык таштандылар тазаланды.
Мындан ары аталган аймакка кимде ким таштанды таштаса, айып пул төлөнө турганы да белгиленди.
"Мындай иштер аймактын санитардык абалын жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого жана жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган" - деди Нарзан айыл өкмөтүнөн.

ТОП просмотров
1 2 3 4 5 6 7 8