00:00 / 10:46

Жапаров Ширшовдун өлкөгө салып жаткан акчаларын санап берди

AkiTv Категория: Новости 26 октября 2026, 13:10 3 просмотра
Скачать
Чыңгыз аттуу Токтогул шаарынын жашоочусу: "Майнингге жумшалган электр энергияны токтогулдуктарга 8-10 кВт чектөө менен берсе болбойбу?" - деген суроо узатты.

Президент бардык саясатчылар, ошондой эле блогер жана депутат болууну каалагандар Кытай жана Ширшов темасын көтөрөөрүн айтты.

«Ширшов 2005-2010-жылдары, Бакиевдер качканга чейин Максимдин өнөктөшү болгон. Аны баарыңар билесиздер. Алар энергосистеманы чогуу башкарышкан. Анан энергосистеманы башкарып турган учурда чындыгында эле уурдашкан. 100 миң долларга трансформатор алып келишип, 1 млн доллар баа менен өткөрүп беришкен, ошол эле кабелдер боюнча да ушундай болгон.

Андан кийин, 2021-жылы жаз-жай айларында Ширшов бирөөлөр аркылуу Кыргызстанга кайтып келгиси келип жатканын, издөөдө эмес экенин айтып: "Камап койбойбу? Президенттен уруксат алсаңар келип, Максимдин мүлкү тууралуу айтып берем, Бишкекте азыркыга чейин колдонуп жүргөн компаниялары бар, «Аврора» пансионатында миллион долларлык коттедждери бар, чет өлкөдөгү бардык мүлкү тууралуу айтып берем", - деп жатат дегенде, башкы прокурор Курманкул Зулушев эле, ага чалдым», - деди президент.

Анын айтымында, жарым күндөн кийин Зулушев кайра чалып, буга чейин 2 иш козголгонун, бир иш боюнча соттун чечими чыгып, айып пул төлөгөнүн, экинчи иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулганын жана бүгүнкү күндө Ширшов издөөдө эмес экенин билдирген. Ошондон кийин Садыр Жапаров Ширшовду чакырганын айтты.

«Ал келип баарын айтып берди жана анын маалыматы боюнча «Аврорадагы» болжол менен 20 млн долларлык мүлктү алдык. Аларды ким менчиктештирип алган? Ошол кездеги чоң кызматта отурган чиновниктер. Алар мүлктү бөлүп алышып, башка адамдарга каттатып коюшкан. 2010-жылга чейин эле сатып алган деп 2022-жылга чейин ээлеп жүрүшүптүр.

100 млн доллардын тегерегиндеги «Акнет» компаниясын Максим Бакиевдин компаньондору иштетип жүргөн экен. Биз аны 2025-жылы алдык.

Чет өлкөдө 2 объект бар экен, алар боюнча сот жүрүп жатат, муну менен Юстиция министрлиги алектенүүдө, бирок аны алабызбы же жокпу бир гана кудай билет. Бул Франциядагы чоң вилла экен, аны Франция өткөрүп береби же жокпу, муну келечек көрсөтөт, бул 1 жылда бүтпөйт», - деди президент.

Садыр Жапаров андан соң Токтогулдун тургунунун Камбар-Ата-2 ГЭСинде майнинг-ферма бар экендиги тууралуу айтканына жооп берди.

«Ошол убакта энергетика министри Таалай Ибраев болчу. Ал келип, Камбар-Ата-2де кубаттуулугу 120 мегаватт болгон бир гана агрегат орнотулганын, бирок кубаттуулугу 120 мегаватт болгонуна карабастан, калкка 90 мегаватт гана берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин, анткени чубалгылар эскирип, трансформаторлордун кубаттуулугу жетпей турганын айтты. А эмне кылышыбыз керек? 30 мегаватт жөн эле калып жатпайбы», - деди президент.

Ал Ширшов менен жолукканын кошумчалады.

«Ошондо мен ага айттым: «Байлыгың бар болсо, 30-35 млн доллар коротот экенсиң, 30 мегаваттык майнинг кой, 4-5 жылдан кийин өзүңдүн акчаң акталганда мамлекетке бекер өткөрүп бер», - деп мен курдурткам. Азыр 2 жыл өттү. Дагы 2-3 жылдан кийин майнингди 100% «Кыргызстан улуттук электр тармагына» таштап кетет», - деди президент.

Садыр Жапаров Ширшовдун мамлекет үчүн башка дагы пайдалуу иштери болгонун кошумчалап, мисал катары Ысык-Көлдөгү «Барс» эс алуу жайына салынган инвестицияны келтирди.

«Камчы Көлбаевдин Чолпон-Атада тоонун арасында «Барс» деген туристтик жайы бар болчу.

УКМК аны конфискациялагандан кийин объект 1 жыл иштебей турду, кунары кача баштады. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич Ширшовду чакырып: «Байлыгың көп эле экен, чет өлкөдө олигарх досторуң бар, сен муну 12 миллион долларга сатып ал», - деп айтты. Объект 6 млн доллар турчу, 2 эсе кымбат саттык.

Бул акча мамлекетке түштү, Камчыбек Кыдыршаевич конфискацияланган акчалардын эсебинен республика боюнча илгерки жыгач имараттардын ордуна жаңы кеңселерди курду.

Ширшов 12 млн долларга сатып алып, азыркы учурга чейин 100 млн доллар салды. Аны кеңейтти, гольф аянтын курду, фуникулёрлорду орнотуп жатат, ал муну көтөрүп кетпейт да, бул жеке менчик болсо дагы Кыргызстанга салынган инвестиция», - деди президент.

Анын айтымында, Ширшов 2 ай мурун Каракол шаарына кайтарымсыз түрдө 100 млн доллар демөөрчүлүк жардам бөлгөн.

«Ошондуктан Каракол азыр гүлдөп жатат, автобустар сатып алынууда, курулуштар жүрүп жатат, жаңы бала бакча, мектептер курулууда», - деди президент.

Мамлекет башчысы Ширшов Мамлекеттик ипотекалык компанияга 10 жылга 100 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя бергенин да билдирди.

«10 жылдан кийин Мамлекеттик ипотекалык компания төлөп берет, 10 жылдан кийин бул акча тыйын эле болуп калат», - деди Жапаров.

Анын айтымында, Ширшов чет элдик достору менен биргеликте 100-150 жыл болгон 30 тарыхый объектти реставрациялоо үчүн болжол менен 100 млн доллар бөлгөн.


[ Официальный канал ИА АКИpress ]
Смотрите и читайте нас:
Наш сайт: www.akipress.org
Instagram: instagram.com/akipress
Facebook: facebook.com/akipress
Twitter/X: x.com/akipress
Telegram: t.me/akipress
TikTok: tiktok.com/@akipresskg

ТОП просмотров