Панфиловдун Каптал - Арык айылында улуттук- каада салттар даңазаланды

turmush
Скачать
Просмотров: 5
 
Опубликовано 15 Октября 2026, 15:44

Кечээ, 14- октябрда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Курама айыл аймагында президенттин " Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик " Уңгужол Жарлыгын турмушка ашыруу максатында улуттук каада- салттар даңазаланды. Бул тууралуу Курама айыл өкмөтүнөн билдирди.

Иш чара Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп, айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Каптал- Арык айылындагы А. Осмонов атындагы мемориалдык комплекс музейинде өтүлгөн. Ага жергиликтүү тургундар, шайыр апалар топтору катышкан.

" Чүй облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын жайылтууга багытталган «Уңгу жол» иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда «Жакшылык апалар», «Эне насааты» жана «Каптал-Арык Алыкул кыздары» топторунун катышуучулары кыргыз элинин руханий мурастарын кийинки муунга өткөрүп берүү багытындагы иш аракеттерин көрсөтүштү.

Ошондой эле алар үй- бүлө тарбиясындагы эне тарбиясын, улууларды урматтоону жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалашты. Алар 2024- 2026-жылдарда " Ысык- Көл " телефестивалына Кыргызстандын 7 дубанын кыдырып, алдыңкы орундарды багындырышып, Кыргызстандын жети дубанын кыдырып, улуттук нарк-насилди сактоого өз салымын кошушкандар" - деди айыл өкмөтүнөн.