Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн айылында көчөлөрдү оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, аталган айылдагы Тутун Калчабаев атындагы көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, көчөнү түздөп, шагыл төгүлүп, таптагыч техника менен таптоо иштери жүрдү. Ишке «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын техникалары жана кошумча техникалар тартылган.
Мындан тышкары, жакынкы күндөрү Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылынын көчөлөрү дагы оңдолору маалым болду.