Ак-Талаа; Нарын-Баетов-Макмал унаа жолунун 3,5 чакырымына асфальт басуу иштери кечеңдеп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 0
 
Опубликовано 10 Октября 2026, 23:45

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нарын-Баетов-Макмал унаа жолунун 3,5 чакырымына басыла турчу асфальт иштери дагы деле башталат элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой,буга чейин аталган унаа жолдун же тактап айтканда Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылынын тушундагы унаа жолдун 3,5 чакырымына жаз айында асфальт басууга даярдыктар башталган. Андан бери, унаа жолго шагыл төгүлүп, суу өтмөк курулган. Бирок, ушул күнгө чейин асфальт басылбай жатат. Жергиликтүү тургундар асфальт басуу иштери кечеңдеп жатканына, жакында күн сууктап кетерин айтып, нааразы болушууда. Асфальт басуу иштери жеке ишкана тарабынан аткарылары белгилүү.

Ал эми Ак-Талаа №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков аталган унаа жолго жакынкы күндөрү асфальт басуу иштерин жүргүзүлөрүн жана ишти аткарууну жоопкерчиликке алган ишкана менен ар дайым сүйлөшүп, талап кылып жаткандыгын билдирди.

--
Отправлено из Mail для Android