Чүй облусунун Кайыңды шаарында фермер Диля Дүйшөналиева хризантема гүлүн жана туя өстүрүп, жылына 100 миң сом киреше табууда.
Фермердин жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.
Кайыңды шаары Панфилов районунун административдик борбору болуп саналат. Анда 54 жаштагы тургун, фермер Диля Дүйшөналиева хризантема, туя жана башка өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн сатып, 100 миң сом киреше таап жатканын баяндады.
" Жашымдан багбанчылыкка кызыгам. Үй алдындагы чакан аянтчага күнөскана уюштуруп, туянын түрлөрүн өстүрөбүз. Андан сырткары 20 түрдөн ашык, хризантема гүлүн да сатыкка алып чыгам. Бир түп туя 1000 сом жана бир түп хризантема 300 сомдон сатылат. Кардардарга аралыгын 50 сантиметрден отургузууну сунуштап жатам. Албетте, буларды өстүрүү да көп эмгекти талап кылат. Жолдошум Нурдиндин жана уулум Жаныбектин эмгеги чоң. Ошентип, 100 миң сом таза киреше табам. жатам" - деди фермер Диля Дүйшөналиева.