Ак-Талаа; Бал аарычылык менен ишкерлик баштаган Айзейне Жыртакова

turmush
Скачать
Просмотров: 1
 
Опубликовано 1 Октября 2026, 01:59

«Айыл турмушу» долбоорубуздун кезектеги каарманы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы жубайлар Жамсап Жумашалиев жана анын жубайы Айзейне Жыртакова айылда чакан ишкерлик менен алектенишүүдө.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Жамсап Жумашалиев 1972-жылы Кара-Бүргөн айылында туулган. Ал айылдын имамы болуп эмгектенет. Ал эми жубайы Айзейне Жыртакова 1978-жылы туулган. Жубайлар 3 уул 4 кыздын ата-энеси. Алар, үй шартында дастаркон аш-тойлордо дасторкон көркүн чыгарган таттуу нан азыктарын жасоо жана бал өндүрүү иши менен алектенишет.

«Өкмөт багат» дебей, изденүү керек

«Биз жөлөк пул, пенсия албагандыктан, эч кандай киреше булагыбыз болбогондуктан, үй-бүлө багыш керек да. Интернеттен онлайн курстарын көрүп, таттуу азыктарды бышырууну окудум. Негизи, буга чейин социалдык келишимдин негизинде 100 миң сом алып, аары багып, бал өндүрүүнү ишке ашырганбыз. Жыл башында кургакчылык болуп, бал ала албадык. Кийинки жылы балды жакшы алдык. Бирок, бал деле мезгилдик иш болгондуктан, андан түшкөн киреше үй-бүлөбүзгө толук жетпегендиктен дагы киреше булагын табууну максат кылып, изденип, акыры кондитерликти окудум. Алгач, 50 гө жакын аялзаты окуп баштадык. Алардын арасында 18 жаштан тарта 60 жаш курактагыларга чейинкилер бирге окудук. Ошонун ичинен 15 аялзаты аягына чейин окуп, үйрөнүп, сертификатка ээ болдук», - деди Айзейне Жыртакова.

«Хит» азыктардын бардыгын жасаганга аракеттенем.

«Учурда заман талабына колдо жасалган бышырмаларга суроо-талаптар өскөндүктөн, үйдө жөнөкөй эле кичинекей нан бышыргычка ар кандай таттуу нан азыктарын бышырып, айылдагы дүкөндөргө коюп, саттырып баштадым. Эл жасаган азыктарымды татып, жеп көрүшүп, аш-тойлорго буйуртма берип башташты. Улам буйуртмалар көбөйгөн сайын көбүрөк өлчөмдө жана тезирек даярдап берүү муктаждыгы жаралды. Андан улам, чоң электр меш сатып алып, продукциямды өндүрүүнү кеңейтип иштеп жатам. Кудай буюрса, коңшу айылдардан дагы угуп, билишип, буйуртма берип башташты. Булочканын 1 даанасын 10 сомдон, пирамида нандын бир даанасын 280 сомдон, капкейкти 40 сомдон, түрдүү пирожныйлардын даанасын 30 сомдон, кексти 110 сомдон жасап берем. Башка кондитерлердикинен 15-20 сомго арзан. Эми түрү көп эле. Интернетте кайсы азыктар "хит" болсо бардыгын жасаганга аракетимди кылып жатам. Мурда жасагандарым менен эле отуруп калбастан, улам жаңысын бышырам. Эл деле татып көргөнүн кайра-кайра ала бербейт да. Эң негизгиси, айыл жери болгондуктан сүт, каймак сыяктуу азыктар кенен. Жасаган таттуулардын кошулмалары өзүмдөн чыкканы үчүн жана элдин каражатына ылайык базар баасынан арзанырак кылып сатам. Кудайга шүгүр. Тапканым күнүмдүк оокатыбызга кенен жетет. Мисалы, былтыркы жылы той учурунда 10 күндүн ичинде алган продуктымдан сырткары 20 миң сом таза киреше тапкам», - деди Айзейне Жыртакова.

Аракет кылуу - ийгиликке жеткирет.

«Азыр интернеттин заманы. «Мен улгайдым, жаштар иштесе болот» дебестен, онлайн үйрөнүлөрдүн түрү көп. Аракеттенип иштесе болорун ар бир аялзатына сунуштайт элем. «Өкмөт багат» деп эле карап отура бербестен ар тараптуу изденип, аракет кылыш керек деп эсептейм. Ал үчүн тырышчаак, аракетчил болуш керек. Эң негизгиси чыдамкай болуп, ар бир кыйынчылыкты жеңе билүү шарт. Ар бир иштин артында тобокелчилик болот. «Менин колумдан келбейт» деп таштап койбой, аракет кыла берүү ийгиликке жеткирет», - деди ал.

17 бал челектен 1 тоннага чукул бал алдык

«Бир күнү жолдошум бал аары багып, бал өндүрүү идеасын сунуштап калды. Ошол учурда, көмөкчү пулдун эсебинен социалдык келишимдин негизинде чакан ишкерлик кылууга болорун угуп, 100 миң сом алып, ага бал челектерди алып келдик. Ага чейин бал аарыларын асырап көрбөсөк же тажрыйбабыз болбосо, айтор чыгымга учурадык. Алган аарыларыбыз кургакчылыктын кесепетинен оорушту. Өлтүрүп алдык. Ал жылы деле, кийинки жылы деле оюбуздагыдай «май көл - сүт көл» деле болгон жок. Анан өткөн жылы 200 миң сом пайызсыз насыя алып, 17 даана бал челекти арысы менен сатып алдык. Быйыл аябай жакшы болду. 17 бал челектен 1 тоннага чукул бал алдык. Эң чоң көйгөй - балды дүң баада сата албадык. Бирин-экин айыл элине 1 килограммын 600 сомдон саттык. Ошондо, 1 бал челектен 20-25 килограммдан алдык. Эми бул деле ар кандай. Аарылардын иштегенине жараша бал түшөт. Кээ бир челектеги аарылар иштерман, кээ бирлери жалкоо болот. Ырас, аары багуу оор иш. Жалгыз адамдын колунан келбейт. Бирок, бул кесип эркек адамга тиешелүү дегенден дагы алысмын. Аял жолдоштор дагы, керек болсо балдар дагы иштей турчу жумуш. Ошондуктан, жолдошум баш болуп, балдарыбыз менен бирге иш алып барабыз. Талаага бал тарткан барган учур - балдарыбыз үчүн майрам», - деди ишкер айым.

Ар бир үй-бүлө 5 челектен аары багуусун сунуштайт элем.

«Азыр социалдык келишимдин наркы 150 миң сом болуп көтөрүлбөдүбү. Буга чейин социалдык келишимди алган же ала турчу айымдардын көпчүлүгү мал алып жатышпайбы. Мен бал челек менен иштөөлөрүн сунуштайт элем. Себеби, бал өстүрүү кирешелүү жана пайдалуу жактары көп. Биздин өрөөндө аарычылык менен алектенгендер дээрлик жокко эсе. Ар бир үй-бүлө жок дегенде 5 челектен аары багып алса, бал менен камсыздалып калат элек. Бакчалар бош эле турат да. Биз жазга маал айылдагы бакчабызда эле болот. Алма, өрүк гүлдөгөн кезде, андан кийин Жабыр чөлкөмүнө, эспарцет, беде аянттарынын жанына алып барып коёбуз. Азыркы тапта ылдый тараптагы айылдын алма багына койдук. Кар түшкүчө коёбуз», - деди Жыртакова.

Таза бал күн суукта криссталдашып катып калат

«Таза бал менен жасалма балдын айырмасын элибиз билбегендиктен «балыңар катып калды, жасалма окшойт» деп күмөн боло боло беришет. Чыныгы таза бал суукта криссталдашып катып калат. Аны 40 градус ысыкка ээритип алса болот. Андан ысык болсо балдын сапатын жоготот. Көбүн эсе шаарда жашаган айыл тургундары челек-чакасы менен алып жатышат. Шаардагылар «биякта сатылган балга караганда силердики жакшы жана даамдуу» деп алып жатышат. Ооба, ар кандай окуу тренингдерден калбайм. Сатуу боюнча билимге ээ болуп турушум керек. Бал өстүрүү боюнча, ыраазычылык кат алдым. Ар кандай жарманкелерге катышып турам», - деди Айзейне Жыртакова.

--
Отправлено из Mail для Android