Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун 20 километр аралыгы ашар жолу менен оңдолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунун же тактап айтканда Жерге-Тал айылы менен Кош-Дөбө айылынын ортосундагы 20 километр унаа жолго шагыл төгүү, түздөө жана таптоо иштери башталды.
Аталган жолду оңдоо иштери кечээ 29-сентябрь күнү башталып, иш ашар шартында аткарылууда. Алсак, шагыл төгүү иштери Кош-Дөбө айылынын "HOWO" оор жүк ташуучу айдоочулары тарабынан колго алынса, шагылды түздөө иштери райондук №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан, ал эми таптоо иштери темир жол куруучу ишканалардын бири аткарып жаткандыгы маалым болду.
Эске сала кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар жолдун абалы начарлап, чаңы сапырылып, чаңдан удам унаа кырсыктары катталып, адам өмүрлөрү кыйылып жаткандыгын, жолго асфальт төшөө керектигин айтышып, нааразы болуп келишет.
--
Отправлено из Mail для Android