Бүгүн, 29- сентябрда Чүй облусунун Москва районунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев эл менен жолугушту. Анда эмнелер белгилүү болду?
Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бүгүн, 29- сентябрда
Беловодск айылына Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттик Администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев иш сапары менен келип, райондук оорукананын жана кыргыз тилдүү К. Сыйданов мектебинин абалы менен таанышты.
Андан соң Жогору Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев эл менен жолугушуп, 1949- жылы салынып, 2000- жылдан бери кароосуз калган оорукананын терапия жана гинекология бөлүмүнүн жана 1992- жылы ачылган К. Сыйданов атындагы орто мектептин абалы менен таанышканын жана жаңы имараттар курула турганын билдирди. Жолугушууда
бир топ атуулдарды Ардак грамота, ыраазычылык кат жана интерактивдүү панель менен сыйланды.
Алар кимдер?
Искендер Өскөмбаев- Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы,
Назира Зарлыкова, Бердикул атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору,
Жайыл Иманалиев, Н. Бакиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору,
Гүлбаркан Полотова, жалпы дарыгерлик борборунун гинекология бөлүмүнүн башчысы,
Эльмира Султаналиева, Биринчи май жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Эльмира Керимкулова, борборлоштурулган китепкананын китепканачысы.
Ошондой эле бир топ атуулдар ыраазылык каттар менен сыйланышты.
Жолугушууда жол, жер, фап ж.б маселелер көтөрүлүп, ага тиешелүү жооптор берилди.
Беш- Терек айылынын тургуну Калдил Гулаков жол маселесин көтөрсө, Кош- Дөбө айылынын тургуну Асан Асылбеков жер тилкесиндеги башаламандыкты айтып чыкты.
Ал эми Аң- Арык айылынын тургуну Ислам Касымов айылда ФАП жок экенин билдирди.
Эл жолугушуу Беловодск айылындагы Кызыл- Октябрь клубунда өтүлдү.