Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен жаңы мечит курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров Ак-Талаа районуна иш-сапары менен келген учурда, Кош-Дөбө айылынын тургуну Азамат Муратбек уулу айылдагы мурунку мечит жараксыз абалга келип калгандык улам, жаңы мечит курдуртуп берүүнү өтүнгөн. Ал эми Азамат Муратбек уулунун айтымында, учурда жаңы мечит курулуп жаткандыгы маалым болду.
«Бардыгына белгилүү болгондой, районубузга өлкө башчысы Садыр Нургожоевич келгенде, айылга жаңы мечит куруу зарылдыгын билдирип, өтүндүк эле. Өтүнүчүбүз орундалып, учурда мечиттин курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми мечит куруу үчүн жер сатып алууга жергиликтүү тургундар тарабынан акча топтолду. Тактап айтканд, 1970-жылы туулган муундардан тарта 2005-жылы туулган муундарга чейин, ар бир муун өкүлдөрү 50 миң сомдон акча топтоп, жеке адамга тиешелүү 26 сотых жер аянтын сатып беришти. Азыркы учурда, мечит куруу иштери жүрүп жатат. Пайдубалы курулуп, дубалдары көтөрүлгөн», - деди Азамат Муратбек уулу.
--
Отправлено из Mail для Android