Ак-Талаа; Арпада 1 карышкыр атылды

turmush
Скачать
Просмотров: 385
 
Опубликовано 13 Сентября 2026, 11:06

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосуна биринчи барган мергенчилер тобу 1 карышкырды жок кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, Арпа жайлоосундагы ач карышкырлардын күч алышынын улам 11-сентябрь күнү жергиликтүү 3 мергенчиден турган топ жөнөп кеткен. Алар кечээ 12-сентяюрь күнү 1 канчык карышкыр атып алышкандыгы маалым болду. Алгачкы атылган карышкырга айыл өкмөт башчысы өз эсебинен 5 миң сом сыйлык берди.

Ал кечээ 12-сентябрь күнү кечинде 4 мергенчиден турган топ Арпа жайлоосуна жөнөп кетишкен. Учурда, жалпы 7 мергенчи карышкырларга каршы аңчылыкка чыгышары маалым болду.