-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосунда карышкырлар күч болуп, малчылар мергенчилер тобун жөнөтүүнү суранышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кара-Бүргөн айылынын малчысы Кенжебек Исмаилов Арпа жайлоосунда ач карышкырлар боло малдарга чейин деп жатканын айтты.
«Күнү куру эмес жеп, ал тургай бодо малдарга чейин кол салып жатпайбы. Килейген көтөрүп чаап, байланбас тайларды жеп жаткан. Бүгүн, эртең менен Курманбек жана башкалар аң уулоого кетишкен эле. Эки карышкыр 1 уйду жеп жатканын көрүшүптүр. Тоо таянып качышыптыр. Кудай эле сактасын. Жөө болсоң, адамга деле кол салчудай. Мен кечээ жөө чуркап бара калгам да. Карышкырга 20 метрдей жакын бардым. Оозу-башы кан. Ырсыйып, өтө сүрдүү дагы көрүнөт экен. Таш алып чаптым деле, бирок өзүм кайра артка качпадымбы. Эптеп атыма жетейин деп, атты көздөй жөнөдүм. Адамдан коркпойт. Жулмалап жаткан койду таштап, нары кетти. Бирок, койду карап турат. Атка жетип, минип кайра келе жатсам, тиги койду кайра кекиртектен тиштеп, жетелеп алыптыр. Ач, шуңшуйган, көк дөбөт карышкырлар. Албетте, карышкыр жана тартып, кекиртиктеп, жеп кеткен малды ээсине биз төлөп беребиз да. Эмне деген чыгым. Болбосо, жанында карап, кайтарып туруп эле жедирип жатабыз да. Колдон талашат тимеле. 1-2 карышкыр келип эле бир паста кымгуут кылып жиберип жатат. Үйүрү менен келсе, эч нерсе кыла алчудай эмеспиз. Үйдөгү балдардан бери кайтарып жатабыз. Чак түштө эле эшиктин алдына чейин келип жатышат. Эртелеп эгиндерин жыйнап, бизди көчүрүп келишпесе болбойт го. Булар соо койчудай эмес. Жок дегенде мергенчилер тобун жиберишсе сонун болмок», - деди Кенжебек Исмаилов.
Ал эми Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Русланов бүгүн мергенчилер тобу Арпа жайлоосуна чыгышарын айтты.
«Арпа жайлоосундагы абалды угуп, көрүп жатабыз. Мындан 10-15 күн мурун ветеринардык кызматкерлерди жана мергенчиледи жөнөткөм. Ал мергенчилер 5 күн жүрүп эч нерсе айта албай келишти. Бул боюнча кайрадан мергенчилер менен сүйлөшүп жатабыз. Айыл өкмөт тарабынан күйүүчү майлардын, азык-түлүктөрүн чечип беребиз. Кудай буюрса, бүгүн кечинде сырттан келген жана жергиликтүү мергенчилер тобу Арпага жөнөп кетишет. Ал эми учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат. Буга чейин 7 комбайн иштеди. Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча жалпы 650 гектар аянтка жан эгиндери айдалган. Мунун ичинен 300 гектары Кара-Бүргөн айылынан тиешелүү. Азыркы учурда Кара-Бүргөнгө тиешелүү 40 гектар дан эгини быша элек болгондуктан чабылбай турууда. Буюрса, эртең ал жерлерге дагы комбайн барат. Мындан тышкары, Дарбаза, Саз чөлкөмүндө экинчи чабык тоют өсүмдүктөрү бар. Жыйнала элек. Негизи, малчылардын жакага көчүп келүүсүн 1-октябрь күнүнө макулдашканбыз. Бирок, шартка жараша жыл сайын эле 20-25-сентябрь күндөрү көчүп келип жүрүшөт. Ошондой эле, Ак-Чий айылынын Майстан чөлкөмүндө дагы эгиндери бышпай жатат. Анан эми дыйкандарга деле кыйын да. Көптөгөн акчаларга чыгып болуп, жайлата эмгек кылып өстүрүп алган эгиндерин мал талап кетпеши керек да. 20-сентябрга чейин бүтүп калмак, малчылардын көчүп келүүсүнө руксат беребиз го. Ал эми Кара-Бүргөндүкүе ага чейин эле алып келгенге аракет кылабыз да. Анткен, ага чейин бүтүп калар деп турабыз. Кара-Бүргөн айылында 2 комбайн, ал эми Ак-Чийге бүгүн 4 комбайн келет», - деди Кудайберген Русланов.
--
Отправлено из Mail для Android