Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы орто мектеп оңдолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдагы Жоробек Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Анара Төлөбек кызынын айтымында, мектептин имараты 1988-жылы курулган. Курулгандан бери бир дагы жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам, республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси аркылуу мектептин чатыры, эшик-терезелери, полу толугу менен алмашылды. Ал эми дубалдары жана сырты заманбап үлгүдө жасалгаланып жана жарыктандыруу тутуму жаңыртылды.
«Мектеп имаратын оңдоп-түзөө иштерине карабастан жаңы окуу жылына мүмкүн болушунча мектеп даяр болорун жана план боюнча өткөрүп алуу иштери келерки жылдын январь айына белгиленген. Мындан тышкары, кичи футбол аянчасы үчүн керектүү курулуш материалдары алынып келинген», - деди Анара Төлөбек кызы.
--
Отправлено из Mail для Android