VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун грэпплинг түрү боюнча Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынан барган Камчы Төлөпалды уулу коло медаль утту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 5-сентябрь күнү спорттун грэпплинг түрү боюнча 84 килограмм салмактагы балбандар арасында өлкө намысын коргоого чыккан ак-талаалык балбан Камчы Төлөпалды уулу 3-орунду ээлеп, өлкө капчыгына коло медаль салып берди.
Камчы Төлөпалды уулу буга чейин дагы эл аралык жана республикалык грэпплинг боюнча ири мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап келген. Мындан тышкары, Чолок-Кайың айылында өз демилгеси менен күрөш залын ачып, жүздөгөн өспүрүм балбандарды тарбиялап жана машыктырып келе жатат.