VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Нарын облусунун уз жана усталары «Уз-Уста» сынагына катышууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматкери Майрамбек Өмүрбаев билдирди.
Маалым болгондой, 3-сентябрь күнү уздар менен усталар «Уз-Уста» сынагында Нарындын намысы үчүн өз эмгектерин атайын комиссияга көрсөтүштү.
Зергер Сүйүналы Момунбаев; - Нарын облусунун атынан зергерчилик жана чегерчилик боюнча сынакка катышып жатам. Бул кыргыздын байыркы замандан бери келе жаткан өнөрү. Таш доору, коло доорунан бери уланып келе жаткан устачылык. Кудайым насип кылып, зоболомду көтөрсө алдыңкы орунду алууга ниетим бар.
Жыгач уста Эркинбек Жанаков; - Буюрса маанай жакшы. Азыр комиссия келип, эмгегибизди көрүп кетти. Мен жыгач устачылык боюнча бөлүнгөн элек. Жыгач устачылык боюнча чеберчиликти көргөздүк. Жакшы маанайда кетишти. Орун алабыз деген үмүттөбүз.
Уз-саймачы Жибек Дүйшеева; - 77 жаштамын. Устат-шакирт дегенди пайдаланып, мен устаты болуп, неберем шакирт. Бул өнөрдү өзүм менен кошо алып кетпейин деп, неберем үйрөтүп жатам.
Көңчүлүк кол өнөрчү Эржан Төлөбек уулу; - Бул сынак үчүн илгерки, унутта калган көөкөрдү жасаганбыз. Бул азем буюмдардын катарына кирет экен. Муну болсо атайын кымыз куйгудай кылып жасадык. Комиисия келип, өздөрү текшерип кетти. Көөкөрдөн кымыз куюп, ооз тийгиздик. Буюрса, жакшы жыйынтык чыгат деген үмүттөбүз.
--
Отправлено из Mail для Android