Бүгүн 2-сентябрь күнү Боом капчыгайында мотоциклчен адамдар жол тосмого сүзүлүп, кырсыкка учураган видеосу социалдык түйүндөргө чыкты.
Аталган капчыгайда бара жаткан айдоочулардын бири, Боом капчыгайында болжол менен саат 16:30 дан чамасында мотоциклчен адамдар жол кырсыгына учураган видеодо жарыялады. Ал видеодо мотоциклше учкашкан эки адам, жолдун бурулушунан мотоциклди башкара албай калып, жолдун ортосундагы тосмого катуу урунуп, эки адам жолдун бери жагына ыргып түшүп, каршы тилкеде бара жаткан унаага урунуп кала жаздаган.