Ак-Талаа; Нарын облусу Көчмөндөр оюнунда алгачкы жеңишке ээ болушту

turmush
Скачать
Просмотров: 385
 
Опубликовано 2 Сентября 2026, 20:38

Бүгүн 2-сентябрь күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Жашоо жарыш» үй-бүлөлүк сынагында Нарын облусунун районунун командасы 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынакка Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Качкын Абышбаевдин үй-бүлөсү катышып, алар улуттук каада-салттарды, турмуш-тиричилик көндүмдөрүн жана ата-бабадан калган мурастарды чагылдыруу, анын ичинде жип ийрүү, жүк жыюу, тал арчуу жана аны бириктирип, түндүк жасоо сыяктуу тапшырмаларды аткарууда өздөрүнүн шамдагайлыгын, чеберчилигин жана улуттук каада-салттарды мыкты билерин көрсөтүшүп, Нарын облусунун намысын коргоп, жыйынтыгында район командасы 1-орунду ээлешти.

Бул VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындашы Нарын облусунун алгачкы жеңиши болуп саналды.