Ак-Талаа; Жогорку чыңалуудагы 9 миң метр аба чубалгысы жаңыртылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 14
 
Опубликовано 27 Августа 2026, 12:59

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жогорку чыңалуудагы 9 миң метр узундуктагы аба чубалгысы жаңыртылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын облустук «Нарын» электр ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын башчысынын орун басары Мирлан Стамбаевдин айтымында, учурда Баетов айыл аймагындагы жогорку чыңалуудагы «Баетов - Үгүт» аба чубалгысынын 3 чакырым аралыгындагы АС50 үлгүсүндөгү ата чубалгыларын АС95 үлгүсүндөгү аба чубалгысына алмаштырылып жатат. Мындан тышкары, 211 даана зым чынылары жаңыртылууда.

«Жалпы 7 чакырым узундуктагы аба субалгылары жаңыртылат. 7 чакырым болгондо 3 төн аба субалгылары тартылат. Ошондо, узундугу 21 чакырым болот. Мунун ичинен 3 чакырымына же тактап айтканда 9 миң метр аба чубалгысын жаңыртып, бүткөнө калдык. Дагы 2 күндүк жумуштар бар. Ишти Нарын электр тармактар ишканасынын 15 жумушчудан турган ишкер топ аикарууда», - деди Мирлан Стамбаев.


--
Отправлено из Mail для Android