Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов- Макмал жолунун 95-105-чакырымындагы Ак-Мойнок ашуусундагы жол тилкеси оңдолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук №15-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, аталган унаа жолдун же тактап айтканда Кош-Дөбө айылынан Тогуз-Торо районуна баруучу узундугу 44 чакырымды түзгөн унаа жолду сүрдүрүү, оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалым болду.
Бул чейин Кош-Дөбө айылындагы жергиликтүү тургундар тарабынан, бул жол менен Кош-Дөбөдөн Жалал-Абадга 3 сааттан бир аз ашыгырак убакытта барышарын, жолдун айрым жерлери бир унаа араң өтө турчудай абалга келгендинин, айтор көңүл бурулбай жатып жолдун тамтыгы чыгып кеткенин айтып, нааразычылфк билдирип келишет.
--
Отправлено из Mail для Android