«Мен сени өлтүрүп, көмүп коём»: Ошто көчө шыпырып жаткан «Ош-Тазалыктын» кызматкерин белгисиз аял тепкилеп кеткен

turmush
Скачать
Просмотров: 411
 
Опубликовано 3 Августа 2026, 16:52

Ош шаарында көчө тазалап жүргөн «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерине белгисиз аял кол салып, тепкилеп кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап кетти.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Далес Жамшит уулунун айтымында, окуя боюнча милицияга арыз жазылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Анын айтымында, окуя ишемби күнү таңкы саат 05:00дөр чамасында Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Кара-Суу көчөсүндө болгон.