Ош облусунун Кара-Суу районунда социалдык тармактарга тараган видеодон кийин 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле видеодогу унаанын ээси өзүн Кара-Суу районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырганы аныкталган.