Ош шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен үч турак үйдүн жер төлөсүн суу каптады. Бул тууралуу Ош шаарынын
өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-июль күнү саат 22:55 чамасында Ак-Тилек көчөсүндөгү №25, Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү №114 жана Мамажан көчөсүндөгү №25 даректеринде жайгашкан турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө жаандын суусу киргендиги тууралуу маалымат түшкөн.