“Силерге эмне, оюнчукпу?”-Президенттин өкүлү Ош шаарына өтүп кеткен жерди кайтарып алууну тапшырды

turmush
Скачать
Просмотров: 31
 
Опубликовано 8 Июня 2026, 17:39

5-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын жашоочулары менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын бири Мамажунус Ботоев Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан жайыт жери Ош шаарына катталып калганын билдирди.

“Биз Папан айыл өкмөтүнүн Таш-Короо участкасындагы жерлерди фонддун эсебинен ижарага алып иштетебиз. Ушул жылдын 2-июнунда биздин айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү келип сүйлөшүшкөн. Үч жылдан бери келишим болбой жатат. Төлөйкөндүн элдери чыгып, орук талашып келет. Быйылкы жылы да талаш болду. Кечээ күнү мен барып, өзүмдүн ижарага тийген жериме Ошко барганда Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн адамдары мени кууп жиберди. Ушул жерлер үч жылдан бери чечилбей келет. Ошону чечип берсеңиздер”, - деди ал.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Тажибаев:-Бул жер 2012-жылы Папан айыл өкмөтүнүн жайыт-айдоо жерлерине ошол убактагы айыл өкмөт башчы кол коюп берип койгон. Азыркы учурда Ош шаардык мэриясы көк китеп жасап алган. Аймак Папанда жайгашкан. Бул боюнча кечээ эле Ош шаардык мэриясынын вице-мэрлери менен жерине чыгып, тактоо иштерин жүргүздүк. Быйылкы жылдын аягына чейин чек араларды тактап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Аманкан Кенжебаев:-Көзөмөлгө аласыңарбы, Чыңгыз Арстанбекович (Кара-Суу районунун акими)?

Жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун (“Гипрозем”) өкүлү:- Бул жер АТРге (административдик-аймактык реформа) чейин да Папан айыл өкмөтүнүн жери катары көрсөтүлгөн. Атлас боюнча жайыт жерлерге мамлекеттик актыларды алганда Папандын жерлеринин арасындагы жайыттарга мамлекеттик актылар Төлөйкөнгө катталган. Мамлекеттик акт боюнча Төлөйкөндүн каттоосунда, бирок административдик жактан Папан айыл өкмөтүнө таандык. Ошондуктан алар бизде акт бар деп талашат. Негизи чек ара боюнча Папанда жайгашкан.

Аманкан Кенжебаев:-Кандай талашат? Силер мыйзам чегинде кандай кылышыңар керек?

Жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун (“Гипрозем”) өкүлү:-Биз Папандын жери деп эле көрсөтөбүз.

Аманкан Кенжебаев:-Болду, Папандын жери деп жазгыла. Комиссия менен талашпагыла. Силер корутундуну расмий жазып бергиле.

Жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун (“Гипрозем”) өкүлү:-Биз берип эле келебиз. Бул 10 жылдан бери келе жатат.

Чыңгыз Бапаев:-Мамлекеттик каттоо кызматы, мисалы айыл өкмөт сизге арыз жазса токтом чыгарып каттай аласызбы?

Райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:-Жок, азыр каттай албайбыз. Себеби ал жерде укук каталып турат.

Чыңгыз Бапаев:-Жок, азыр укук туура эмес катталган да.

Райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:-Туура эмес катталган укукту укук коргоо органдарына текшертип, мыйзам бузуу аныкталгандан кийин гана жооп беребиз.

Чыңгыз Бапаев:-Анда сотко кайрылып, чечим чыгартып анан бизге каттайлы.

Аманкан Кенжебаев: -Мен мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси, силер экөөңөргө таң калып жатам. Силер мыйзамды каалагандай эле өзгөртүп жатасыңарбы? Болот десе бул жакка дейсиңер, болбойт десе башка жакка дейсиңер. Чек ара туурабы? Анда силер жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун корутундусу менен кол коюп бердиңер беле? Шаарга кантип кол коюп бердиңер? Азыр жеке менчик менен шаарга туура келеби?”

Райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:-Бул мен жок кезде болгон экен, мен андан кийин келдим.

Аманкан Кенжебаев:-Негизи мамлекеттик каттоо кызматы жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун корутундусунун негизинде кол коёбу? Силер эмне, аны аткарбай жатасыңарбы? Папандын жери деп. Аа, сиз мен кылбайм деп жатасыздар. Силерге эмне, оюнчукпу? Баатырак алып, укук коргоо органдарына берип бүтүргүлө. Бул азыр эмне кылганыңар? Бул жерде оюн болуп калды. Бүтүргүлө. Азыр айыл өкмөтү укук коргоо органдарына кайрылгыла. Мамлекеттик каттоо кызматы мурункуну жок кылып, жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун корутундусун алып, укук коргоо органдары менен биргеликте кайра Папан айыл өкмөтүнө каттап бересин.