5-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын жашоочулары менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын бири Наргиза Орозбаева жашы жете элек кызга үйлөнгөн баласы учурда тергөө абагында жатканын айтып, ага ырайым берүүнү суранды.
“Мен 46 жаштамын, 6 уулдун энесимин. Уулум М.Б. 2004-жылы туулган. Баламдын келинчеги менен турмуш куруп жашаганына бир жыл болду. Ушул жылдын башында, 24-январь күнү уулдуу болушкан. Келинимдин бир аз эле жашы жетпей калганына байланыштуу уулум 15-марттан бери абакта отурат. Ушул убакка чейин тергөө иши болуп жатат. Акыркы сотунда 1-августка чейин бөгөт чарасын колдоду. Ушуну, Эрлан Жекшенбекович, мен сизге кайрылат элем, ушул балама ырайым кылып бериңиз. Атасы оорукчан, көп балалуумун, менин туруктуу жумушум жок. Атасы да иштебейт. Ошондуктан балам келип үй-бүлөсүн баксын. Баласы 5 айлык болду. Баланын кантип чоңоюп жатканын, кимден тарбия алып жатканын балам көрбөй жатат. Биринчиден, өзүбүздүн жашоо-турмушубузга эле кыйын болуп жатат. Келиним өзү ыраазы болуп турмуш курган. Кудагыйларым да ыраазы болушуп, аларды сыйлаганбыз. Ортодо эч кандай пикир келишпестик жок, алардын арыз-доосу жок. Келиним эки адам болуп кыйналып бүттү. Менин туруктуу жумушум жок. Биз элдин малын алып тоого чыгып кайтарып, ошону менен жан багабыз. Андан көрө чыгып үй-бүлөсүн баксын. Ошол 5 айлык бала атасынын мээримине тойбой, тарбиясын көрбөй чоңоюп жатат. Урматтуу Эрлан Жекшенбекович, сизге терең урматтоо менен ырайым сурайт элем, ушуну карап бериңиз»,-деди ал.
Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов:- Ал иште бүгүнкү күндө сот иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыга элек. Бирок айтып кетчү нерсе, өзүңүз айтып жатасыз, 18 жашка чыга элек кезде турмуш курушту деп. Бул биздин мыйзамдарда көрсөтүлүп калган, бул кылмыш болуп эсептелет. Эгер жеңилдетүү жагдайлары болсо, сөзсүз түрдө карап берели. Аны мен көзөмөлгө алайын.
Аманкан Кенжебаев:- Эжеке, мыйзам боюнча ырайымды бир гана президент бере алат. Сиз андан көрө соттун төрагасынан ишти эртерээк карап бергиле десеңиз туура болот.
Наргиза Орозбаева:- Ошону эртерээк карап берүүңүздү суранат элек.
Эрлан Асанов:- Жыйындан кийин сиз мага келсеңиз, кабыл алайын.
Аманкан Кенжебаев:- Кетпей туруңуз, азыр өзүңүз кайрыласыз.